Төрага Нурланбек Шакиевдин тапшырмасына ылайык, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырган «Парламент» радиосун угармандар 1-ноябрдан тартып кайрадан уга алышат.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин айтып, «Андыктан, Аппараттын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө түзүлөт”, – деп белгилеген.