7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн программасы жөнүндөгү» долбоор коомдук талкууга коюлду

816

Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору иштелип чыккан.

Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы адилеттүү жана натыйжалуу сот адилеттигин түзүүгө багыт алууда.

Максаттуу программаны иштеп чыгууга сот органдарынын өкүлдөрү да, юстиция органдарынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан иштелип чыккан.

Сын-пикирлер жана сунуштар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төмөнкү почта жана электрондук даректерине: Бишкек ш., Табышалиев көч., 15, sovetkg@inbox.ru же Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жооптуу катчысы К.Боронбаевге 0(557) 015500, 0(312) 313023 телефондору аркылуу жиберилсин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817