7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: «Эми «Аксунгур» да биздики»

656

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялап, ал  Түркияда иштеп чыгарылган «Аксунгур» аскердик учкучсуз аппараты Кыргызстанга алынганын жазды.

«Эми «Аксунгур» да биздики» деген ал.

Aksungur — түркиялык Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы иштеп чыгарган учкучсуз учуучу аппарат.

АКсунгур — визуалдык жана радио, чалгындоо, деңиз патрулдары үчүн жана сокку уруучу дрон катары иштелип чыккан.

Жалпы мунөздөмө:

Узундугу — 12,0 м

Канаттарынын узундугу — 24,0 м

Бийиктиги — 3 м

Жүксүз салмагы — 1800 кг

Максималдуу учуу салмагы — 3300 кг

Пайдалуу жүк — 750 кг

Кубаттуулугу — 2 даана TEI PD170 турбовинттик кыймылдаткыч, кубаттуулугу 170 л.с. — 220 л.с. (126 кВт—164 кВт) ар бири.

Учуу мунөздөмөсү:

Крейсердик ылдамдыгы — 250 км/саат

Максималдуу аралык — 6500 км

Учуу убактысы — 40 саат

Учуу бийиктиги — 12 192 м

Ал биринчи жолу 2019-жылдын 30-апрелинде Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. 2020-жылдын биринчи чейрегинде учкучсуз учактын массалык өндүрүшү пландалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657