УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялап, ал Түркияда иштеп чыгарылган «Аксунгур» аскердик учкучсуз аппараты Кыргызстанга алынганын жазды.
«Эми «Аксунгур» да биздики» деген ал.
Aksungur — түркиялык Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы иштеп чыгарган учкучсуз учуучу аппарат.
АКсунгур — визуалдык жана радио, чалгындоо, деңиз патрулдары үчүн жана сокку уруучу дрон катары иштелип чыккан.
Жалпы мунөздөмө:
Узундугу — 12,0 м
Канаттарынын узундугу — 24,0 м
Бийиктиги — 3 м
Жүксүз салмагы — 1800 кг
Максималдуу учуу салмагы — 3300 кг
Пайдалуу жүк — 750 кг
Кубаттуулугу — 2 даана TEI PD170 турбовинттик кыймылдаткыч, кубаттуулугу 170 л.с. — 220 л.с. (126 кВт—164 кВт) ар бири.
Учуу мунөздөмөсү:
Крейсердик ылдамдыгы — 250 км/саат
Максималдуу аралык — 6500 км
Учуу убактысы — 40 саат
Учуу бийиктиги — 12 192 м
Ал биринчи жолу 2019-жылдын 30-апрелинде Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. 2020-жылдын биринчи чейрегинде учкучсуз учактын массалык өндүрүшү пландалган.