7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду (ФОТО)

596

Бүгүн, 9-ноябрь күнү, УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Буга чейин, Советтер доорунда курулган, эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта кызмат өтөп келген чекисттер үчүн заманбап үлгүдөгү имарат курулуп берилди.

Ачылуу аземине КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ошондой эле, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да аземге күбө болушту.

Жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык кызматтык шарттар камсыз кылынган.

Камчыбек Ташиев сүйлөгөн сөзүндө, «Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо жана элдин жашоо шартын жакшыртуу саясаты кынтыксыз аткарылышы зарылдыгын» — белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597