7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

396

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда. 

Ошондой эле, Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун Башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

 Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын башчылары катышат. 

Алдыдагы Саммиттин ишине Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы ТМУдагы байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышат. 

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

397