7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

623

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында төрага Нурланбек Шакиев, депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624