7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азиздер жана дүлөйлөр коомуна коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөргө 50% жеңилдик берилет

693

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, республика боюнча “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694