Анжелина Жоли БУУнун ыктыярдуу элчилигинен кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жылдан бери качкындардын иштери боюнча ыктыярдуу элчиликти аркалап келген. Ал 2001-жылы өз каалоосу менен ыктыярдуу элчилике келген.
Жоли гуманитардык ишин кеңейтүү үчүн БУУдан кетип жатканын түшүндүргөн.
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди актрисага көп жылдар бою аткарган кызматы үчүн жана берилип жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген.