Кадыр Сайдилкан уулу Антарктидагы эң бийик Винсон чокусун багындырды. Бул тууралуу Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Кымбаттуу кыргыз деп соккон жүрөк. Бүгүн биз үчүн дагы бир тарыхый окуя болду. Бүгүн саат таңкы алтыда тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз деп соккон жүрөктүн бири — Кадыр Сайдилкан уулуң кыргыздын желегин Антарктиданын Винсон (4892 м.) деген эң бийик чокусунда желбиретти! Аман эсен түшүп, келиңиз! Винсон эсен койберсин! Кыргыз жери, эли баатырын күтөт»,- деген ал.