7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бензин ташыган 3 вагон оодарылып кетип, 1 адам каза болду

708

Ошто темир жолдо бензин ташыган 3 вагон (цистерна) оодарылып, анын кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» нефтьбазасына жакын жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май куюлган 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынанан чыгып, оодарылып кеткен.

Аталган кырсыктын кесепетинен 1963-ж.т. Э.У. аттуу эркек кишини регулировщик басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы С.А аттуу эркек киши жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу.

Жерине куткаруучулар тартылып, мындан сырткары ИИМден 10 кызматкер, тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылган.

Учурда өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709