7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик менен кармалган Камаз жана минералдык жер семирткичтер мамлекетке өткөрүлдү

877

Аткезчилик менен кармалган эки КАМАЗ жана минералдык жер семирткичтер мамлекетке конфискацияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Тал” жергесинен кесип өтүүгө аракет кылган З.Ж.С. жана Э.Г.Р.нын башкаруусундагы “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки КамАЗ кармалган.

Айдоочулар менен бирге контрабандалык жүктүн ээлери Кыргызстандын эки жараны болгон. Бул жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон “Селитра” минералдык жер семирткич табылган.

«21-декабрда Лейлек райондук сотунун өкүмү менен бул контрабандалык минералдык жер семирткичтерди ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын жарандары З.Ж.С., Э.Г.Р., Н.Ж.А. жана А.М.С. Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган (“Экономикалык контрабанда”) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, алардын ар бирине 160 000 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки «КамАЗ» жана жалпы салмагы 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878