Хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы Pittsburgh Ice Arena Cup эл аралык турниринде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы 8-14-декабрь күндөрү АКШда өткөн Pittsburgh Ice Arena Cup эл аралык турниринде 1-орунду ээледи. Мындан сырткары курама команда НХЛ клубунун мыкты чабуулчусу Евгений Малкин менен жолукту.
Белгилей кетсек, АКШдагы Хоккей академиясына Умар Нажимидинов (Кыргызстан), Нурсултан Темурбеков (Кыргызстан), Рамазан Абкеримов (Казакстан) жана Ратмир Абкеримов (Казакстан) кабыл алынып, окуп жатышат.