Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Теңдик айылынын жаштары менен биргеликте Кочкор районунун асыл тукум койлорду жайылтуу максатында “Арашан” кой-кочкорлор арасында көргөзмө-феставалы өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө-фестивалга райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн кызыктар болгон фермерлер келип, 400гө чукул кой-кочкорлорун аталган көргөзмөнүн сынактарынан өткөрүшкөн.
Көргөзмөдө ар бир малдын бою ченелип, таразага салмагы тартылып, калыстар тобу тарабынан сындан өтүштү.
Жыйынтыгында 1-орунду чоң кочкорлор арасында Чолпон айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылынын фермери Каныбек уулу Тимурдун кочкору ээледи, салмагы 158 кг болду. Ал эми козулар арасында Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын фермери Эрмек уулу Нурбектин козусу 1-орунду берген жок. 9 айлык козусунун салмагы 96кг, бою 86 см болду. Койлор арасында Нурбек уулу Аргендин койунун салмагы 125,5кг, бою 91см болуп биринчи орунду ээледи.
Жыйынтыгында жеңип чыккан мал ээлерине дипломдор тапшырылды.