7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“1 миллион сом талап кылган”. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

969

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-январында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө «Опузалап талап кылуу» каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 1998-жылы туулган Ж.у.А. аттуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Кызыл-Ай айылынын тургуну кармалды.

Шектүү күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерлерден 1 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражаттарын жана башка материалдык керектөөчүлөрдү системалуу түрдө талап кылып алып жүргөн.

Ошондой эле , Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Сай айылынын аймагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен алектенип, 20 сотых жерге айыл чарба багытындагы мал сарай жана мыйзамсыз турак жай куруп алган.

Учурда шектүү тергөө камак жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

970