7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Айгерим Расул кызы: “Ар биринин мойнунан жыттап, бала жытына мас болуп коштошкум келбей кайттым”

3789

Ырчы Айгерим Расул Кызы балдарга белек тартуулады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Кычыраган кыштын суук кунундо жылуу үйдө эс алып жата албадым…

Кара-Суу базарына барып 5 саат кыдырып, муктаждарга кийим тандап, жылуу сапаттуу оюмдагыдай кийимдерди алдым. Биринчи эле командам менен балдар үйүнө баш бактык.

25 балага кышкы жылуу куртка, кечки тамактанууга плов, шириндик, суусундук берилди. Эң башкысы балдардын маанайы. Аябай кубанышты… Алган белектерин жактырышты… Балдар менен сүйлөштүк, сырдаштык, кийинкиде буюрса күн жылып калганда чогуу киного бармай болдук. Ар биринин мойнунан жыттап, бала жытына мас болуп коштошкум келбей кайттым»,-деп жазган ырчы.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=180741984599471&id=100079910115998&mibextid=Nif5oz

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3790