7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Каракол» аэропортун оңдоодо 10 млн доллар мамлекеттин акчасын сактап калдык»

660

Биз азыр мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатылып алынып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Дагы бир кызык нерсени айтайын. Өлкөдөгү бардык аэропортторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ички аба каттамдарды жандандыралы деп 2021-жылы аэропорт жетекчисине тапшырма берген элем. Бир күнү эмне болуп атат тактайынчы деп сурап калдым. “Эртең тендердин акыркы күнү, тендер жарыялаганбыз” деп маалымат берди. “Ээй токтоп тур, кайсы суммага жарыя кылдыңар эле. Сметасын алып келчи мага” деп териштирип көрсөм, бир эле Караколдун аэропортун оңдоо ишине каралган каражаттан 10 млн долларга жакын сумма ашыкча болуп чыкты. Дароо тендерди токтотуп калдык. Эгер тендер өтүп кеткенде чет өлкөлүк компания утуп алса, азыр соттошуп жүрмөкпүз. “Тендерден утуп алдым эле мага курулуш иштерин бербей жатат” деп чыгышмак алар. Бул жерден да саналуу жегичтердин оозунан олчойгон сумманы жулуп алдык. Азыр өзүбүз куруп жатабыз. 10 млн доллар мамлекеттин акчасын сактап калдык. Мына ушинтип эле ушундай иштер менен 30 жылдан бери мамлекетти 5 млрд долларга карыз кылып коюшкан тура», — деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661