7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз жазылып берилген дарылар боюнча мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген

576

Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, 2022-жылдын 9 айында белгисиз адамдар электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепттер, анын ичинде каза болгон 66 каза болгон адамдардын наамына жазылып калгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары дармектер мыйзамсыз берилип кеткен.

Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577