7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стоматолог Каримов: «Тишке да массаж жасап туруу зарыл. Массажды кантип жасоо керек?»

920

Тиштерге да массаж жасап туруу керек. Өзгөчө, жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда бул маанилүү. Бул тууралуу Нургазы Каримов Спутник Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында, наристелердин тишинин саны аз болгону менен алардын оорусуна диагноз коюу татаал. Балдардын сүт тиштерин курт түшкөнгө жеткирбей олуттуу көңүл буруп дарылатпаса, кийинки өсүп чыга турган тиштерине зыяны тиет.

«Тиштерге да массаж жасап туруу керек. Өзгөчө, жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда бул маанилүү. Массажды колду таза жууп, сөөмөй, баш бармак менен тиштин бүйлөлөрүн сүрүп жасоо керек. Бул наристенин тишинин түз чыгышына көмөктөшүп, тиши жарылып, кычышып жаткан убакта жардам берет. Чоң кишилер да өз тиштерине массаж жасаса ашыкча болбойт. Жөн эле кол менен эмес, фурацилин майын (мазь) же вазелинге фурацилин таблеткасын ундай майдалап кошуп жасаш керек. Бул чоңдорго өзгөчө тиш жууганда канаган процессти токтотконго жардам берет. Жаш балдарга деле бул каражаттарды колдонсо болот. Болгону көлөмү азыраак болушу керек, анткени алар жутуп алышы мүмкүн», — деди Каримов.

Ошондой эле ар алты айда жаш балдардын тиштерин дарыгерге көрсөтүп туруу керектигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921