Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулушунун аяктоосу жакындап калды. Бүгүн, 2-февралда 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100миң сомдон акчалай белек тапшырган.
Белгилей кетсек, 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.