«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору 1961-ж.т. К.А.С. кармалды.
Тактап айтканда, кармалган жаран аталган акча каражатын, анын демилгеси боюнча Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп, Кемин районунун Кичи-Кемин а/а башчысы К.А.Ш. аттуу жетекчисинин финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
Буга чейин аталган жаран, аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.
Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.
Анын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.
Учурда УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.