Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады.
Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште Айсулуу Тыныбекова дагы катышып, тилекке каршы, алгачкы атаандашына жеңилип калган.