Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миң 674кө жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдиргенин аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыкты.
“72 миң 879 адам жабыркаган. Акыркы суткада урандылардын астынан 121 адам тирүү куткарылды. Учурда 29 миң куткаруучу иштөөдө”, — деген Октай.
Эскерте кетсек, 6-февралда Түркия менен Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.