Түркия менен Сирияда 6-февралдагы жер титирөөдөн бери каза болгондордун саны кеминде 34 179га жетти. Бул тууралуу эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарына шилтеме берүү менен CNN билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркияда каза болгондордун саны 29 605ке жеткен. Сирияда каза болгондордун жалпы саны 4574.
Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү күчү 7,8 баллга жеткен кыйраткыч жер титирөөлөр болгон. Түркия менен Сирияда миңдеген имараттар талкаланган. Жабырлануучуларды куткаруу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн келген он миңдеген адамдар куткарууда.