Түркиянын Хатай облусунун Антакья шаарында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан бүгүн 8 адамдын сөөгүн чыгырылды. Бул тууралуу куткаруучулар тобунун башчысы, полковник Алмаз Асанов билдирди.
Бүгүн куткаруучулар шаардын 3 тилкесинде иш алып барып, атайы шаймандардын жардамында урандылар астынан адамдардын сөөктөрүн чыгарышкан.
Аймактагы турак үйлөрдүн дээрлик 60 пайызы толугу менен урап түшсө, калган көп кабаттуу үйлөр жашоого таптакыр мүмкүн эмес абалга келген. Ал эми турак үйлөр, соодо борбор, социалдык обьекттердин көбү 7-14 кабатка чейин.
Бүгүн Хатай облусуна келген кыргыз куткаруучуларынын издөө-куткаруу ишинин үчүнчү күнү.