7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл ичинде спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди

615

2022- жылы кыргыз спорту үчүн ийгиликтүү жылдардан болду.

Жыл ичинде спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди.

Атап айтканда, олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло. Олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло. Улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль болду. Жыйынтыгында Кыргызстандын спорт капчыгына 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло менен толукталды. 

Отчеттук мезгилде кыргыз спортунун курама командалары Сурдолимпиада оюндары, Азия балдары оюндары, Ислам тилектештиги, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча ХI Дүйнөлүк оюндарына катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытышты.

Анын натыйжасында Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырып, кыргыз спортун алга сүрөштү. Дүйнөлүк аренада эң негизшги жетишкендик катары, Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк курама командага кирди.

Кыргызстан 2022- жылы ири эл аралык спорттун түрлөрүнө аянтча боло алды. Аны менен эл аралык деңгээлдеги Хоккей боюнча (4-дивизион) дүйнө чемпионаты, ШКУнун эл аралык марафону, “Алыш” белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты, Күрөштүн түрлөрү боюнча U17 жана U23 жаштар арасында Азия чемпионаты, Регби боюнча (4-дивизион) Азия чемпионаты, U18 өспүрүм балдар жана кыздар арасында Дүйнө чемпионаты, Каратэ-до WSF боюнча Азия чемпионаты, “Динамикалык пирамида” дисциплинасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты, Бодиболдинг боюнча Азия чемпионаты, Стренлифтинг боюнча Дүйнө чемпионаты, Самбо боюнча Азия чемпионаты, “Чектөөсүз спорт” парамарафондору жогорку деңгээлде уюштурду.

Бул мелдештерде атамекендик Бекболот Токтогонов менен Карыяев Дайырбек Самбо боюнча Дүйнө чемпиону атыгышты.

Өлкө казынасынын эсебинен 2022-жылы Кыз келиндер спорт-комплекси курулуп, ишке берилди.

2022- жылы Баткен облусунда инвесторлордун жардамы менен ал эми Нарын облусунда жергиликтүү органдар менен биргеликте ат майданынын курулуш иштери башталды.

Учурда спорт тармагында төмөнкү долбоорлор ишке ашып жатат, алар: Мектеп лигасы (футбол, валейбол, баскетбол жана шахмат), Студенттер лигасы, (футбол, валейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол), Я чемпион (хоккей, лыжа менен жарыш) долбоорлору болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616