7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктады (ФОТО)

953

Бүгүн, 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мекен коргоочулар күнүнө карата “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, КР УКМК ЧК өздүк курамы, КР күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалады.

Белгилей кетсек аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

954