7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластан Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүү 2 жаран кармалды

825

Милиция Казакстанга 12 баш жылкыларды уурдап өткөрүүгө шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрына караган түнү Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын эки тургунуна тиешелүү болгон 12 баш жылкы уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргызстан менен Казакстанды бөлүп туруучу чек ара белгисинен Казакстан тарапка өтүп кеткендигин билдирген.

Аталган факты ушул жылдын 1-январь күнү Кара-Буура​ РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

«Милиция 2023-жылдын 21-февраль күнү аталган кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Алар ​Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​1976-жылы туулган тургуну ​Э. уулу М. ​жана ​Куру-Маймак ​айылынын ​1983-жылы туулган ​М.А. экендиги аныкталган. Шектүүлөргө тийиштүү тергөө амалдары жана иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

826