7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Египеттеги эл аралык мелдеш: Мээрим чейрек финалда атаандашына утулуп калды

1144

Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин чейрек финалында Мээрим Жуманазарова атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай артыкчылыгы менен жеңип, чейрек финалга чыкты. Анда америкалык Форрест Энн Молинари менен кармашып, 3:6 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эгер америкалык спортчу финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1145