7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Египеттеги эл аралык мелдеш: Мээрим менен Айпери коло утту

635

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты.

Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми Айпери Медет кызы (76 кг) кытайлык Чжоу Цянды 3:0 эсебинде артта калтырды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636