7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек

680

Президент Садыр Жапаров айдоочуларга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу комментарий берди.

«Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан «үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман. Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз. Эч жакка шашпаш керек. “Шашкан шайтандын иши” дейт. Акырын айдасаң, барчу жериңе ашып кетсе 5-10 мүнөт кечигип бараарсың. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Жол эрежесин сактап айдасаң, өзүңдү да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң. Бир келген өмүрүңөрдү сактагыла, башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип, залал келтирүүгө себепчи болбогула!»,- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681