7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Айып пул менен бюджет толбойт. Айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле»

366

Президент Садыр Жапаров айдоочуларга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу комментарий берди.

«Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров (ред.: министрлер кабинетинин төрагасы) үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес. Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт. Мына ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген»,- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

367