7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт

304

25-ноябрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөрүн, парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1.Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Ализа Карыпбековна Солтонбекованы дайындоого жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунушу (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору(депутаттар____ жөнүндө)(Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3.“Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев У.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы № 529 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.09.20дагы № 505 токтом) (бардык комитеттер);

6. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

305