Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери бар. Бул тууралуу Садыр Жапаров 7-каналга берген маегинде айтты.
«Каныбек Иманалиев менден кылмыш ишин таппайсыңар деп айтып жүрчү эле го. Анын кылмыш иштери бар экен. Эмнеге каралбайт десе депутаттыгынан эле коркуп карашпаптыр. Өзүнүн кылмыш иштерин билбей кыйкырып эле оппозиция болуп жүрчү экен. Ал коррупциялык иштери бар экенин өзү деле билет. Бирок кыйкырып чыгып камалса эле элге жакшы көрүнүп калышат экен да. Каныбек Иманалиевдин басмакана жана башкалар боюнча кылмыш иштери бар», — деди Жапаров.