7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Имангали Тасмагамбетов эмнелерди талкуулашты?

595

КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин Катчыларынын комитетинде мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана 2023-жылга пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы талкууланды.

Аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.

Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө, конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирип, Уюмдун жаңы дайындалган Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовго ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596