7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бир катар тапшырмаларды берди

370

Кыргыз Республикасынын прзиденти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусунун активи менен аймакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды.

Алсак, Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Негизги Ленин көчөсүнө жүктү азайтуу үчүн Орозбак уулу көчөсүнүн айланма жолго чыгуучу 1,28 км узундуктагы уландысын куруу пландалууда. Ошондой эле, Ленин көчөсүн толук реконструкциялоо, аллеяларды жана 9,5 км узундуктагы ирригациялык системаларды куруу планда каралган.

Министр IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөрүн билдирди. 2023-жылы трассанын 36 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Сметалык баасы 612 млн сомду түзөт.

2-этапта 2024-2025-жылдары трассанын калган 84 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоорлорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов 2023-жылы облустун негизги социалдык-экономикалык багыттарын өнүктүрүү долбоорун сунуштады.

Алтынбек Эргешов өз отчетунда белгилегендей, 2021-жылдын көрсөткүчү боюнча Нарын облусунун областтык дүң продуктусу республиканын ички дүң продукциясынын 2,4%ын түзүп, өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.

Региондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Нарын облусунда административдик реформанын пилоттук долбоору колдоого алынып, ага ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, реформаларды башкаруу, эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүү үчүн санариптик өнүгүү жана креативдүү экономика, IT чөйрөсүн жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, “жашыл” экономикага өтүү, айыл чарба жана өнөр жай кластерлери түзүмдөрү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү тенденциясына ылайык киргизилген.

Мындан тышкары, агроөнөр жай комплексин жана туризмди өнүктүрүү, гидроэнергетикалык потенциалды өстүрүү, жолдорду куруу жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды уюштуруу боюнча бир катар долбоорлор сунушталды.

Тактап айтканда, ыйгарым укуктуу өкүл «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына кендерде толук кандуу иштей албай жаткан бир катар көмүр ишканаларынын лицензиясын берүүнү сунуштады. Нарын районунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 42 миллион сомго атайын техникаларды сатып алуу, ошону менен көмүр өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүү пландалууда.

Алтынбек Эргешов белгилегендей, “Солтон-Сары” алтын кенинин ишмердүүлүгү толук көзөмөлгө алынып, социалдык пакет катары бөлүнгөн каражат калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат.

Түштүк Корея менен меморандумдун алкагында мини-ГЭС куруу жана күн электростанцияларын орнотуу пландалууда. Ошондой эле кубаттуулугу 65 МВт болгон Куланак ГЭС-2нин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу пландалууда.

Облустун жана республиканын энергетикалык, экспорттук жана инвестициялык потенциалын жогорулатуунун алкагында 220 кВ кубаттуулуктагы «Ак-Кыя-Нарын-Торугарт-Кытай» электр линиясын куруу долбоору сунушталган. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен өндүрүлгөн электр энергиясын Кытайга экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкөдөгү инвестициялык климат жакшырып, ГЭСтин курулушуна кызыккан инвесторлордун агымы көбөйөт.

Ошону менен бирге, Алтынбек Эргешов облустун административдик-аймактык реформасынын долбоору менен тааныштырып, анын алкагында азыркы 63 айыл аймагынын ичинен 27 айыл аймагын түзүү менен айыл аймактарын ирилештирүү пландалууда.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында Мамлекет башчысы Нарын шаарынын ички жолдорун реконструкциялоону тез арада баштап, быйылкы жылы бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле, 2024-жылдын аягына чейин облустук “Нарын” аэропортун ишке киргизүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Нарын шаарында жана Кочкор районунун Кочкор айылында ипотекалык негиздеги көп батирлүү турак-жайдын курулушун баштоону, ошондой эле республикалык бюджеттен социалдык чыгымдардын бир бөлүгүн Нарын шаарын өнүктүрүүгө багыттоону тапшырды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров быйыл Баетов-Нарын унаа жолунун 36-чакырымына асфальт төшөө иштерин бүтүрүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

371