
Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 8-октябрда түнкү саат 02:00 чамасында Жер-Ынтымагы конушундагы тургундардын үйүнө каракчылар кирген. Алар аял кишини сабап, анын күйөөсүн жылыткычтын шнуру менен байлап, жубайлардын 150 миң сом, 5 миң 500 доллар жана 60 миң сомго бааланган алтын буюмдарын карактап кетишкен.
Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.
Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнүн изине түшүп, атайын кызматтын аскерлери менен биргеликте 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жаранды кармашты. Ал буга чейин бир нече жолу ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.
Учурда шектүү, соттун чечими менен тергөө бүткүчө СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алынды.