7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда бүгүн улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды

16

Казакстанда бүгүн, 25-сентябрда, Мангистау облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кечээ аскердик-деңиз машыгуулары учурунда аскер кызматкерлерин Каспий деңизине агызып кеткен. Алар жээкте машыгуу-жүргүзүү тапшырмаларын аткарып жатканда аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн.

Адегенде деңизге 19 аскер кызматкерин агызып кеткени кабарланган. Кийинчерээк Мангистау облусунун акимчилиги маалыматты тактап, 17 адам болгонун билдирди.

Учурда 12 аскер кызматкери каза болуп, үчөө куткарылган. Куткарылгандардын бири ооруканада. Калгандарын издөө иштери уланууда.

Аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат.

 

17