7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров аскерлердин өлүмүнө байланыштуу Токаевге көңүл айтты

155

Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр  тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

156