7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте банкты тоноого аракет кылган Пакистан жараны кармалды (ВИДЕО)

286

Бишкекте банкты тоноого аракет кылган Пакистан жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, 27-ноябрь күнү саат 17:20да Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктардын бирин тоноо аракети болгондугу тууралуу «102» кызматына маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон күнү банктын өкүлү арыз менен кайрылып, кызматкерлерди тапанча менен коркутуп, банкты тоноого аракет кылган жаранга карата чара колдонууну суранган. Арызда кылмышкер белгисиз тилде сүйлөп, ойлогон ою ишке ашпагандыктан качып кеткени белгиленген.

«Арыздын негизинде, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы М.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалды. Шектүүнүн жанынан 2 оюнчук пистолет алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

287