
Исфана шаарынын аэропортуна белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул туурасында Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында билдирди.
«Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», — деп белгиледи Артем Новиков.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.
Андан соң Артем Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин доордун көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмеринин музейинде болду.