Орусия Кыргызстандан 500 короо шыпыргыч алдыртуу үчүн атайын учак жиберет. Бул тууралуу Эмгек мигранттар профсоюзунун төрагасы Ренат Каримов телеканалдардын бириндеги маегинде билдирген.
Анын айтымында, буга карата орус саясатчысы Владимир Жириновский нааразычылыгын билдирген.
“Бизге 500 короо шыпыргыч жетпей жатат. Жардамыңыздар керек. Алардын керек болуп жатканы ушунчалык керек болуп жатат. Бишкекке учууга бир учак камдап койгонбуз”, — деген ал.
Каримовдун айтымында, москвалыктар короо шыпыргычтын жумушун кара иш катары кабыл алышат. Мындан улам 45 миң рубль айлык төлөнсө да, ал жумушка иштөөнү каалашпайт.
Бирок анын сөзүнө каршы болуп жаткандар да жок эмес. Алардын катарында саясатчы Владимир Жириновский да бар: “Владимир, Смоленск, Кострома, Иваново, Тула, Ярославль, Брянск жана башка региондордон чогултсаңар канча деген короо шыпыргыч табасыңар. А бирок аны кылбайсыңар”, — деген.