7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарына 300 миң даана гүл эгилет

883

Быйыл Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300 миң даана гүл эгилет. Алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар.

Мэриянын Көрктөндүрүү жана ашылдандыруу чарбасынан билдиришкендей, ушул айдын аягында жоогазындарды аянттарга тигүү иши башталат. Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын ийдиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. Алар аба ырайы турукташкан мезгилде шаар көчөлөрүнө, эс алуу бактарына, аянттарга жана мекеме-ишканалардын алдыларына отургузулат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен жалпы 4475 даан бак-адарактардын көчөтү тигилип, 8миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң себилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884