Кечээ, 24-мартта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок 2 айылында аянтта ири өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бүгүн, 25-март күнү аталган аймакта кайрадан өрт чыкты.
ӨКМден билдиришкендей, жерине жалпы 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Алдын ала маалымат боюнча экинчи ирет чыккан өрттүн болжолдуу аянты 5 сотыхды түзөт.
Учурда жеринде өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.