7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолукту

239

Кечээ, 8-декабрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө 2020-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктары талкууланды.


Сыймык Жапыкеев бүгүнкү күндө ЭККМКнын артыкчылыктуу милдеттери катары мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толтуруу, бизнести жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо санала тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Пьер фон Аркс мырза ЭККМКнын ишмердигине байкоо жүргүзүп жаткандыгын жана Кызматтын ишинде оң натыйжаларды көргөндүгүн белгиледи.


Ошондой эле, ал Финансы полициясы органдары өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу шартты камсыз кылууда маанилүү ролду ойной тургандыгына макул жана финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дараметти көтөрүү маселелеринде ЭККМКга колдоо көрсөтүү менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин тастыктады. Жолугушуу бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

240