Бүгүн, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды. Ал Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда “А.Исманкуловдун көз микрохирургиясы” клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты.
Жеке клиника жайгашкан №2 Клиникалык көп тармактуу оорукананын имаратында неврологиялык бөлүм ачылат. Неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды.
Министр оорукананын жетекчилигине жакынкы аралыкта керебеттерди ачуу боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну, бошогон имараттын 3-кабатын оңдоо иштерине сметаны даярдоону тапшырды.