7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду агенттик болуп кайра түзүлдү

358

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул жарлыкка ылайык Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт.

Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд өз алдынча мамлекеттик ведомство катары 1991-жылдын 21-январында президенттин «КРнын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө» жарлыгы менен түзүлгөн. Ведомство 30 жыл иштеген мезгили ичинде бир нече жолу реформалоого, уюштуруу формасынын өзгөрүшүнө кабылган.

Азыркы учурда мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет. Ошондой эле 88 мамлекеттик ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат: транспорт жана байланыш чөйрөсүндө – 11 мамлекеттик ишкана, байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 12 мамлекеттик ишкана, айыл чарба чөйрөсүндө – 24 мамлекеттик ишкана, мамгеология системасында – 2 мамлекеттик ишкана, ар кандай кызматтарды көрсөтүү – 39 мамлекеттик ишкана.

Фонд мамлекеттик ишканалардын штаттык ырааттамасын макулдашууга, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду жана тиешелүү жылга бюджеттердин долбоорлорун бекитүүгө, бюджетке которулууга тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын өлчөмдөрүн бекитүүгө ыйгарым укуктуу. Мамлекеттик ишканалардын ишин мындай борборлоштурулган көзөмөлдөө 2019-жылдын 11-сентябрында өкмөттүн «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салуу жөнүндө»  токтому кабыл алынгандан кийин жүргүзүлө баштаган. Белгиленген токтом кабыл алынганга чейин жогоруда аталган ыйгарым укуктар мамлекеттик мүлк фондунда болгон эмес, ал эми мамлекеттик ишканалар тейлеген министрликтер жана ведомстволор менен түздөн-түз иштешкен, бул мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири болгон. Бул токтомдун толук кандуу аткарылышы мамлекеттик ишканалардын ишин бир кыйла жакшыртат.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын учурдагы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттин катышуусу менен ишканаларды башкаруу системасын кайра карап чыгуу, ар бир өзүнчө Коомдун ишинин экономикалык максатка ылайыктуулугун талдоо зарылчылыгы келип чыгууда. Алардын ишин жакшыртуунун алкагындагы негизги милдеттер:

—        башкаруу органдарына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу;

—         Коомдун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн жүйөөлөрүнүн жана жоопкерчиликтеринин системасын күчөтүү;

—         «көз карандысыз директорлор»институтун практикага киргизүү.

Ушуну менен бирге азыркы учурда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү бардык проблемаларды чечүү талап кылынат. Мисалы, мамлекеттик имараттарда жана жайларда кошумча бош аянттарды табуу боюнча көптөгөн күчтөрдү талап кылган жумуштарды жүргүзүү алдыда турат. Бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди жана ижарадан түшүүлөр республикалык бюджетке 100% которуларына жана ижарага бош аянттарды берүүгө мамлекеттик мекемелер кызыкдар эмес экендигин эске алсак, алдыда турган жумуш бир кыйла күчтөрдү жана ресурстарды талап кылаары бышык.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш 2023-2025-жылдарга менчиктештирүүнүн программасын бекитти.  Программада мүлктөрдү сатуудан тышкары акциялардын 100% мамлекеттин менчигинде сактап калуу менен мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго кайра уюштуруу каралган. Белгиленгендер менен бир катар, менчиктештирүүнүн альтернативасы катары ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкаруу механизмдери практика жүзүндө колдонулууда.

Жогорудагы бардык далилдерди эске алуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, конституциянын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик)  болуп кайра түзүлсүн.

  1. КРнын президентинин 2021-жылдын

5-майындагы № 114 “ Министрлер кабинети жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“– Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;”.

  1. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Министрлер кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:

– эки жумалык мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунун долбоорун жана башкаруу схемасын;

– эки айлык мөөнөттө Министрлер кабинетинин ченемдик укуктук жана башка актыларына ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун.

  1. Министрлер кабинети:

–.бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосун жана башкаруу схемасын бекитсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

359