Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте 6-класстын окуучулары атырдын жытына ууланган.
Сабакта 43 окуучу болгон. Бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучу ооруканага жаткырылган.
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн аларды кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.