“Кыргызстан аэропорттору” ААК Египет Араб Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелери өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек — Шарм-эл-Шейх багыты боюнча бардык авиакаттамдар 2026–2027-жылдардын кышкы мезгилине токтотулганын маалымдайт. Акыркы рейс ушул жылдын 5-ноябрында аткарылат.
Мурда авиабилет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражаттарын кайтарып алуу, сапарды башка мөөнөткө жылдыруу же учуунун башка варианттары боюнча маалымат алуу үчүн тийиштүү авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат.
Аталган багыт боюнча авиакаттамдардын ыктымалдуу калыбына келтирилиши тууралуу кошумча кабарланат.



