7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкекте «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө өтөт

233

Бүгүн,11-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 11-25-декабрь күндөрү өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында уланат.

«Бул көргөзмө «2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия» демилгесинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурулат. Сүрөтчү Алтынай Осмоева кыргыздын боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулар, сүрөттөр, видеотасмалар толуктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234